Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Шашылыш билдирүү: үшүк жүрөт


Ысык-Көл жарлары.
Ысык-Көл жарлары.

Кыргызстанда 17-18-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаашы мүмкүн.

18-19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринин айрым жерлеринде 0…2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 2…7°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 6…11°, тоо этектеринде 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 2…7° суук болот. Үшүк бүчүр байлап, гүлдөгөн мөмө бактарга коркунуч алып келет.

Бул күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Бишкек-Талас (198-209 чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) авто унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар, тоонун жолдору тайгак болуп муз тоңот. Тоо жолдорунда унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден жакын болбошу керек, ылдамдык чектелиши зарыл.(AzK)

XS
SM
MD
LG