Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

Норвегияда “террорчу” аталган Брейвиктин доо арызы сотто каралууда


Андрей Брейвик сот залында.

Андрей Брейвик сот залында.

Осло шаарында 77 кишини жардырып өлтүргөнү үчүн 21 жылга эркинен ажыратылган Андрей Брейвик бүгүн Норвегиянын сотунда сөз сүйлөйт.

Сотко доо арызы менен кайрылган Брейвиктин жактоочулары ага түрмөдө жасалган мамилени аша чапкандык катары баалашууда.

Брейвик 2011-жылы 77 адамды өлтүргөн. Ослонун борборуна бомба жардырып, андан соң Утойа аралындагы жаштардын жайкы лагерин аткылаган болчу. Айыпталуучу бул кылмыштар үчүн өзүн күнөөлүү деп санабай тургандыгын, ал “маданий марксизмден” жана каптап кирген мусулмандардан Европаны сактап калуу үчүн ушундай кадамга барганын айтып берген.

37 жаштагы Брейвик башкалардан обочо жалгыз бөлмөдө камалганына нааразы. Норвегиялык сот муну менен Адам укуктары боюнча европалык конвенцияны бузуп жаткандыгын айтууда. Прокуратура анын пикирин четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG