Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

Ташкенде "махабат кечтерин" уюштурган погончондор кармалды


"Туркистон" мамлекеттик резиденциясы.

"Туркистон" мамлекеттик резиденциясы.

Ташкенде прокуратуранын, милициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын айрым өкүлдөрү мамлекеттик резиденциянын аймагындагы котеждерди көңүл көтөрүүчү иштерге пайдаланганы үчүн сурак берип жатышат.

Uzmetronom интернет басылмасы кабарлагандай, алар “Туркистон” мамлекеттик резиденциясында өткөн аптада жүргүзүлгөн рейдде кармалышкан. Текшерүүнү чекисттер өткөрүп, күч түзүмүндө иштегендер Ак сарайга жакын жайгашкан конок үйлөрдө “махабат кечтерин” уюштуруп жүргөнүн аныкташкан.

Кармалган 32 адам резиденциядан үч жүз метрдей алысыраак жайгашкан Ички иштер министрлигине жеткирилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG