Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Жалал-Абад: Балдар үйүнө ташталган 3 жашар кыздын апасы изделүүдө


Шаардагы үй-бүлө тибиндеги “Ак-Бермет” балдар үйүнө 10 күн мурда алынып келинген Жумагүл аттуу 3 жашар кыздын апасы изделүүдө. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Нышанбаева “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, Жумагүлдү 6 ай мурда апасы бейтааныш адамга таштап, убактылуу карап туруусун өтүнгөн. Бирок апасы келбеген соң убактылуу карап турган аял наристени балдар үйүнө тапшырган. Нышанбаеванын ырасташынча, учурда укук коргоо органдары Жумагүлдүн апасын издеп, наристеге документ даярдашууда.

Жумагүлдүн апасы Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги айтылат. Эгер ал табылса сот аркылуу энелик укугунан ажыратылып, бала асырап алуучуларга берилет.

Өткөн жылы шаар аймагында 6 наристе көчөгө ташталып, алардын экөө ооруканада чарчап калган. 4 наристе соттун чечими менен бала багып алуучуларга берилген. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG