Кыргызстанда жүргөн Чехиянын парламент спикери Ян Гамачек Орусиянын Сириядан аскерий техникасын чыгаруусун колдой турганын жана келечекте бул өңдүү кадамдар дагы жасаларына үмүт артарын билдирди. Ошол эле учурда ал Орусияга карата санциялар Украина жана Крымдагы аракеттер токтотулмайын алынбастыгын билдирди.
Чехия делегациясы эки күндүк иш сапар менен Кыргызстанда болуп, жетекчиликтин деңгээлиндеги жолугушууларды өткөрүүдө. (AzK)