Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Президент Ошто суу резервуарынын ачылышына катышты


А. Атамбаев Оштогу салтанатка катышты. 16-март, 2016-жыл.
А. Атамбаев Оштогу салтанатка катышты. 16-март, 2016-жыл.

Аймактык кабарчыбыздын билдиришинче, резервуардын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, ынтымакты сактоого, ар кандай эл арасын бузган күчтөрдөн оолак болууга чакырды.

Ушул тапта өлкө башчысынын катышуусундагы жыйын жабык эшик артында өтүп жатат. Эртең президент Аксыга барып, кандуу окуянын курмандыктарын эскерүүгө катышат.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG