Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Түркияда үч окумуштуу "террорчу" деп камакка алынды


Түркияда террордук үгүт жайылткан деген шек менен үч окумуштуу камалды. Аларды камакка алуу боюнча чечимди Стамбул шаардык соту 15-мартта чыгарды. Буга илимпоздордун өлкө чыгышында негизинен күрттөр жашаган аймакта аскерий операцияларды токтотуу тууралуу билдирүүсү себеп болгон.

Камалган окумуштуулар 10-мартта Билим-илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун кеңсесинде маалымат жыйын куруп, согуштук аракеттерди сындашкан эле. Алар эки ай мурда бийликке илимпоздор жолдогон ачык катка кол койгону үчүн кысымга алынып жатканын да белгилешкен. Стамбул соту бул билдирүүнү Күрттөрдүн жумушчу партиясын колдоо деп тапты.

Быйыл январда токсонго жакын университетте иштеген 1100дөн ашуун илимпоз түрк бийлигине ачык кат жолдоп, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Күрт жумушчу партиясынын жоочуларын жок кылуу операцияларын сындашкан. Президент Эрдоган муну “жүзү каралык” деп атап, буга жооп беришерин айткан.

XS
SM
MD
LG