Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Бишкекте Салижан Жигитовдун жаркын элеси эскерилет


Салижан Жигитовдун маектеринин топтому.
Салижан Жигитовдун маектеринин топтому.

Коомдук ишмер, адабиятчы, философ, сынчы жана котормочу Салижан Жигитовдун туулган күнүнө карата Бишкекте бир катар эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт. Кыргыз-түрк "Манас" университети, жалпыга маалымдоо каражаттары маркумду эскеришмекчи.

Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Өмүр жолунда ал президенттин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген. 1995-жылдын июлунан тартып 1996-жылдын август айына чейин “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун да жетектеген. Ал 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулуп, 2006-жылы 11-февралда дүйнөдөн кайткан. (NT)

XS
SM
MD
LG