Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Тоо кен тармагы Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүнүн 8% түзөт


Кумтөр алтыны.
Кумтөр алтыны.

Мындай маалыматты Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөн Зилалиев Монголияда өтүп жаткан жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндөгү эл аралык конференцияда билдирди.

Зилалиевдин ырасташынча, тоо кен тармагы Кыргызстандагы өндүрүш көлөмүнүн 47 пайызын түзөт, четтен келген инвестициянын 31,8 пайызы ушул тармакка жумшалат.

Кечээ башталган эл аралык конференция Улан-Батор шаарында бүгүн жыйынтыкталат. Ага Мьянма,Түштүк Тимор жана Ооганстандын делегациясы катышууда. Долбоор Монголиянын кызматташуу боюнча эл аралык фонду тарабынан уюштурулууда. Ал кен байлыктарды башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу максатын көздөйт. (AzK)

XS
SM
MD
LG