Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Обама жана G7 мүчөлөрү Савченкону бошотууну сунуштады


Темир тор артындагы Савченко.
Темир тор артындагы Савченко.

АКШ президенти Барак Обама жана “чоң жетиге” кирген экономикалык бакубат өлкөлөрдүн жетекчилери Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, украиналык учкуч Надежда Савченкону боштондукка чыгарууну сунушташты. Бул тууралуу Батыш өлкөлөрүндө чыгуучу маалымдоо каражаттары кабарлашты.

16-мартта Орусия президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөн АКШ президенти Барак Обама ага Савченкону орус тарап мыйзамсыз кармап кеткенин, Минск келишимине ылайык учкуч эркиндикке чыгышы керектигин билдирген.

Киевде да “чоң жетиликтин” элчилери абакта ачкачылык жарыялаган Савченконун ден соолугуна тынчсызданып атышканын билдирип, орус бийлигинен аны бошотууга чакырышты.

Орусия 34 жаштагы Надежда Савченкону эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп эсептейт. Савченконун өзү муну орус жикчилдери уюштурган кутум катары билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Сот өкүмү 21-22-мартта чыгышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG