Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Украина: Кызматтан чегинген баш прокурор кайра ордуна келди


Виктор Шокин
Виктор Шокин

Украинада реформаларды ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жатат деп күнөөлөнүп, быйыл февралда коомчулуктун басымы менен кызматынан чегинген баш прокурор Виктор Шокин кызмат ордуна кайтты. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы Шокин 16-марттан тарта ишин улантып жатканын кабарлады.

Жогорку Раданын тийиштүү комитети эки күн мурун Виктор Шокинди иштен бошотуу боюнча маселени парламентте добушка коюуну сунуштаган. Башкы прокуратура өкүлү Владислав Куценко отставка боюнча чечим чыгарууга добуштар жетпей калганын билдирди.

АКШ жана Европа биримдигинин расмийлери мамлекеттик башкаруу системасындагы реформаларды ишке ашыруу үчүн Шокинди кызматтан алуу тууралуу Петр Порошенкого бир канча ирет сунуш киргизген эле.

XS
SM
MD
LG