Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Кадамжайда Бел-Алманы иштетүүгө каршылык билдирген митинг аяктады


Бул туурасында “Азаттыкка” райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Касым Нурматов билдирди. Анын айтымында, бүгүн райондун борборунда 70-80дей киши чогулуп, Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого алган “Беш-Арча ”ишканасы кенди коррупциялык жолдор, мыйзам бузуу менен казып жатканына нааразылык билдирип, мындан тышкары цементке кошулчу таш чыккан Надыркен кени төлөгөн салыктын көлөмүн көбөйтүү талабын айтышкан.

Алар менен райондун акими жолугуп, мыйзамсыз казуу иштери боюнча так далилдер болсо, анда аларга каршы чара көрүлөрүн билдирген. Ал эми Надыркен кенинин салыгы 2013-жылдан тарта көтөрүлүп келе жатканын, 2015- жылы андан 2 миллион 400 миң сомго чукул салык түшкөнүн айткан. Бул кен 2013-жылга чейин болгону 58 миң сомдон эле салык төлөп келген.

Эки сааттык сүйлөшүүлөрдөн соң, чогулгандар тарап кетишкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG