Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Жогорку Нарын ГЭСи боюнча депутаттык комиссиянын мөөнөтү узартылды


Нарындын жогорку алабында курулчу ГЭСтердин имараты.
Нарындын жогорку алабында курулчу ГЭСтердин имараты.

Парламент Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2016-жылдын 30-июнуна чейин узартты.

Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортолук келишиминен кыргыз тараптын бир жактуу чыгып кеткени үчүн Кыргызстан ГЭС курулушуна жумшалган каражатты 6 ай аралыгында төлөп берүүгө тийиш. «Жогорку Нарын ГЭСтери каскады» биргелешкен ишканасы курулушка 37 миллион доллар өлчөмүндө каражат жумшалганын билдирген.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов эки айлык мөөнөт аяктап жатканын, буга чейин топтолгон документтер Эсептөө палатасына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок, аудиторлор кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткендигине байланыштуу текшерүү жыйынтыгы кармалып жаткандыктан, депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу өтүнүчү киргизилген.

Депутаттык комиссиянын курамында Жылдыз Мусабекова,Тилектеш Исаев, Искендер Матраимов, Руслан Казакбаев, Жыргалбек Турускулов, Калдарбек Баймуратов, Талайбек Масабиров, Тынчтыкбек Конушбаев, Исхак Масалиев, Чолпон Жакупова бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG