Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Германия теракт ыктымалдыгынан Түркиядагы элчилигин жапты


Анкарадагы жардыруудан кийин, 14-март, 2016-жыл.

Анкарадагы жардыруудан кийин, 14-март, 2016-жыл.

Германия бийлиги Анкарадагы элчилигин, Стамбулдагы башкы консулдугун жана немис мектебин убактылуу жапты. Буга теракт коркунучу себеп болгонун Германиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 15-марттын кечинде алдыдагы күндөрү жардыруулар болору тууралуу немис бийлигине кабар түшкөн.

Ал арада бүгүн “Күртстан жумушчулар партиясынан” бөлүнүп чыккан “Шумкарлар Күртстандын эркиндиги үчүн” согушкерлер тобу билдирүү таратып, 13-мартта Анкарадагы жардырууларды уюштурганын маалымдады. Өкмөт күчтөрү баш калаада 37 адамдын өмүрүн алган теракттан соң жоочуларга каршы рейддерди күчөткөн.

Согушкерлердин билдирүүсүндө, Анкарадагы жардыруу полицияга каршы уюштурулганы, ага карабай жайкын тургундар мерт кеткени белгиленет жана алдыдагы жардырууларда да карапайым калк өлүмгө дуушар болушу мүмкүндүгү эскертилет.

17-февралда Анкарада 29 кишинин жанын кыйган жарылууну да аталган топ жасаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG