Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Оппозиция президенттин билдирүүсү боюнча Башкы прокуратурага кайрылат


Атамбаевдин Ошто сүйлөп жаткан учуру.
Атамбаевдин Ошто сүйлөп жаткан учуру.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов “Азаттыкка” президент Алмазбек Атамбаевдин Ошто оппозицияны эл бузарлар деп атап, аларды таш менен уруп, эл арасына киргизбегиле деп чакыруу жасаганы боюнча кайрылуу жасашарын билдирди.

Мындан улам оппозиция өкүлдөрү президенттин билдирүүсү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, чара көрүүсүн өтүнөрүн, ошондой эле коалициялык көпчүлүккө президенттин жоопкерчилигин парламентте кароо талабы менен кайрыларын билдирүүдө. Алар президенттин сөзүн чагымчылдык катары кабыл алып жатканын белгилешет.

16-мартта Ошто президент Алмазбек Атамбаев калкты саясий акцияларга кошулбоого чакырып,“өз кызыкчылыгы үчүн чуркаган эл бузарларды таш менен уруш керек” деп билдирген.

Ага чейин Бектур Асанов 14-мартта Жалал-Абад шаарында өткөн оппозициянын жыйынында Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, анын дарегине карата катуу сындарды айткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG