Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

Миграция кризиси боюнча Брюсселде бүгүн саммит башталат


Еврокеңештин башчысы Дональд Туск.

Еврокеңештин башчысы Дональд Туск.

Европа биримдиги менен Түркия бийлигинин өкүлдөрү миграция кризисин жайгаруу боюнча бүгүн Брюсселде эки күндүк саммитке чогулушту. Бул ирет мигранттардын Европага жапырт агылуусун чектөө боюнча макулдашуу кабыл алынары күтүлүүдө.

Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск алдыда чоң милдет турганын белгилеп, Түркия качкындардын бир бөлүгүн кабыл алуу үчүн Евробиримдиктен каражат жана Анкаранын биримдикке киришин тездетүү жаатында саясий кадамдарды сурашын билдирди.

Батыштын белгилүү басылмалары саммит соңундагы кабыл алынчу макулдашуу “адамзат тагдырындагы кыйынчылыктарды жеңип, коомдук тартипти жөнгө салууда убактылуу жана чукул чара” болорун жазышты.

Бирок, серепчилер макулдашуунун тагдыры канчалык узакка созулары белгисиз экенин айтып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG