Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Жогорку Кеңеш онкологиялык ооруларды бекер дарылоону жокко чыгарды


Депутаттар “Элге онкологиялык жардам жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырышты. Анда онкологиялык дартка чалдыккан бейтаптарды бекер дарылоону токтотуу каралган.

Аталган мыйзам 2000-жылы 8-сентябрда кабыл алынган. Ага ылайык онкологиялык ооруга чалдыккан жарандарга бардык дарылоо мекемелеринде бекер жардам көрсөтүү каралган.

Бирок мыйзам долбоорунун автору Ташболот Балтабаев бул норма акча каражатынын жетишсиздигинен улам декларативдүү болуп калганын, мындан улам иш жүзүндө бекер жардам толук кандуу көрсөтүлбөй келгендигин белгилейт.

Анын маалыматында, ушул тапта Улуттук онкологиялык борбордо 7 миң 250 киши дарыланат. Бир бейтапка орточо химиотерапияны кошпогондо дары-дармегине 22 миң 500 сом кетет. Ал эми республикалык бюджеттен жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражатынан дары-дармектерге орточо 2475 сом бөлүнөт. Онкология борборуна берилчү гуманитардык жардам балдар үчүн химиотерапияга жумшалат.

Мыйзам демилгечиси жетпей калган акча каражаты оорулуулардан формалдуу эмес төлөм катары алынарын, бул өз кезегинде төлөмдөрдүн өлчөмүнүн аныкталбай калышына, алардын көзөмөлсүз пайдаланылышына алып келип, акыры элдин нааразылыгын жаратарын белгилейт.

Өлкөдө мыйзам менен аныкталган жеңилдиктин баасы 3,3 миллиард сом болсо, реалдуу түрдө онкологиялык кызматтар 440 миллион сом менен гана камсыздалат. Бул керектөөнүн 13 гана пайызын түзөт. Балтабаев мыйзамга кирген өзгөртүүлөр элди социалдык жактан коргоого, көзөмөлсүз акчаларды мыйзамдаштырууга жана саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөшүүгө негиз болорун айтат. (AzK)

XS
SM
MD
LG