Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Пентагон: Орусиянын Сириядагы аскерий күчү өзгөрүүсүз калууда


Сириядан кайтып келген орусиялык учкучтар. Краснодар, 16-март, 2016-жыл

Сириядан кайтып келген орусиялык учкучтар. Краснодар, 16-март, 2016-жыл

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн АКШ жетекчилиги астындагы коалиция билдиргендей, орусиялык айрым учактар жана аскерлер Сириядан чыгып кеткени менен Москванын негизги согуштук күчү өзгөрүүсүз кала берүүдө.

Бул тууралуу видеобрифингде Ирактан полковник Стив Уоррен билдирип, Орусиянын артиллериялык бөлүгү өз ордунда калганын айтты.

Полковник Орусиянын азыркы кадамдарын түшүнүү кыйын болуп жатканын жана мындай чечимди күтүшпөгөнүн, андыктан баа берүүдөн мурда окуянын мындан ары өнүгүшүнө көз салып туруу керектигин кошумчалады.

Башар Асад бийлигинин союздашы саналган Москва беш ай мурун Сирияга аскер жайгаштырып, террордук топторго каршы операцияларды баштаганын жарыялаган. Батыш мамлекеттери Кремлдин соккусу оппозицияга каратылганын айтып сындап келген. Быйыл 14-мартта Владимир Путин аскерлердин бир бөлүгүн Орусияга чакырып алуу боюнча буйрук чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG