Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Орусиянын Сириядагы операцияларына 33 млрд. рубль сарпталды


Орус бийлиги Сирия аймагында жүргүзгөн операциялары үчүн 33 миллиард рублдин тегерегинде каражат сарптады. Бул тууралуу бүгүн президент Владимир Путин Сириядан кайткан аскер адамдары менен жолугушкан учурда айтты.

- Бул чыгымдар зарыл болчу жана өзүн актады. Аскерий аракеттер менен гана өлкөнүн күчүн чыныгы мааниде сыноого мүмкүн. Коротулган каражаттар коргоо тармагын бекемдегенге жана Орусиянын коопсуздугун камсыздоого жумшалды.

Путин Сирияда тынчтык орнотуу боюнча башталган аракеттерде Москванын ролу чоң экенин айтты.

Башар Асад бийлигинин союздашы саналган Москва беш ай мурун Сирияга аскер жайгаштырып, террордук топторго каршы операцияларды баштаганын жарыялаган. Батыш мамлекеттери Кремлдин соккусу оппозицияга каратылганын айтып сындап келген. Владимир Путиндин буйругу менен 15-марттан тартта аскерлердин бир бөлүгү Сириядан чыгып кете баштады. Аба күчтөрүнүн башчысы Виктор Бондарев ушул жума соңуна чейин орус күчтөрүнүн негизги бөлүгү Сириядан кетээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG