Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

ГЭС боюнча депутаттык комиссия өз корутундусун июнда жарыялайт


Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу.
Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу.

Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы эки жарым айдан кийин чыгарылат. Бул тууралуу аталган депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” маалымдады. Анын билдирүүсүндө, комиссияга берилген эки айлык мөөнөт аяктап, иликтөөдө топтолгон документтер Эсептөө палатасына өткөрүлдү. ГЭС куруу ишинде дагы бүдөмүк суроолор пайда болгондуктан, аны кошумча иликтөө зарылдыгы туулган.

Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү түзгөн келишимди Кыргызстан январда бир тараптуу жокко чыгарган. Макулдашууга ылайык, мындай кадам үчүн кыргыз тарап ГЭС курулушуна жумшалган каражатты 6 ай аралыгында төлөп берүүгө тийиш. Орусиянын “Русгидро” ишканасы курулушка 37 миллион доллар сарпталганын билдирген. Бирок ал чындыкка туура келбейт деген маселе парламентте көтөрүлүп, аны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Кыргызстандын келишимди денонсациялоо чечимине долбоорду ишке ашыруу аракеттери токтоп калды деген жүйөө келтирилген. (NT)

XS
SM
MD
LG