Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

"Кыргызнефтегаз" депутат Рыспаевдин билдирүүсүн негизсиз деп атады


Кочкор-Ата шаарчасы.

Кочкор-Ата шаарчасы.

"Кыргызгефтегаз" ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей айрым депутаттар жана кызыкдар тараптар ишкананы ээлеп алгысы келет. Анткени алар 2010-жылга чейинки коррупциялык системаны кайрадан орнотушуп, мекемени банкроттук абалга алып келүүгө кызыкдар.

Кожобек Рыспаевдин мындай билдирүүлөрү өнөр жай тармагынын солгундашына себеп болуп, ишти үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Ошол себептүү ишкана жамааты депутатты моралдык зыян үчүн сотко берет.

Кечээ парламент жыйынында депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик мүлк агенттиги “Кыргызнефтегаздын” директорлор кеңешине эски адамдарды талапкер катары көргөзүп жатат деп нааразылыгын билдирген. Ошол эле учурда депутат ишканадагы 1 миллиард сомдук чыгым боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүу башкармалыгы иш козгогонун билдирген. Мындан сырткары бул маселени жалпы пленардык жыйында короону сунуштаган. Ошондой эле депутат “Азаттыкка” берген маегинде мекеме менен соттошууга даяр экенин жана керектүү документтер бардыгын билдирген. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG