Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Сариев күч органдарына тапшырма берди


Kyrgyzstan Jalal-Abad Uzbek Tanks March 2016
Kyrgyzstan Jalal-Abad Uzbek Tanks March 2016

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Темир Сариев бүгүн укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чек араларды бекемдөө чараларын талкуулады.

Ал чек ара кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин билдирди.

18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30 - 40 аскер кызматкерлери келип 2 БТР жана 2 КАМаЗ унаасын токтотуп алып, ары-бери каттаган кыргыз жарандарын текшерүүгө алышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбек тараптын такталбаган аймакка кирип келүүгө укугу жоктугун билдиришкен. Кырдаал боюнча кыргыз-өзбек тараптын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG