Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Мушарраф Пакистандан чыгып кетти


Первез Мушарраф чет өлкөгө кетти, 18-март, 2016-жыл, Карачи.
Первез Мушарраф чет өлкөгө кетти, 18-март, 2016-жыл, Карачи.

Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф бүгүн таң эртең Бириккен араб эмирликтерине учуп кеткенин анын өкүлү кабарлады. Мунун алдында Мушаррафка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салуу алынып салынган эле. Адвокаттары ал омуртка оорусуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланууга тийиш деп эсептейт.

Пакистан бийлиги мурдагы аскер башчы Мушаррафка мамлекетке чыккынчылык жасады, мурдагы премьер Беназир Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар деген айыптарды таккан.

16-мартта өлкө Жогорку соту Мушаррафка үч жыл мурда салынган сыртка чыкпоо тыюусун жойгон. Ички иштер министри Чаудхари Нисар Али Хандын айтымында, адвокаттары Мушарраф алты аптадан соң кайтып келип, өзүнө тиешелүү иш боюнча сотко катышарына кепилдик берген.

70 жаштагы Превез Мушарраф Пакистанда 1999-жылы аскерий төңкөрүш менен бийликке келип, ошол кездеги жана азыркы премьер-министр Наваз Шарифтин өкмөтүн алмаштырган. Ал 2008-жылы бийликтен кулаган соң өлкөдөн чыгып кетип, 2013-жылы кайтып келген.

XS
SM
MD
LG