Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

Борбор Азиядагы Америка университетинин мектеби ачылды


Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети.

Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети.

Аталган университеттен кабарлашкандай, жаңы мектеп университет менен “Билимкана” коомдук фондунун өнөктөштүгү аркылуу ачылган. Ага 8-11- класстын окуучулары кирип билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Окуучулар Борбор Азиядагы Америка университетине же дүйнөнүн башка окуу жайларына өтүүгө даярданышат.

Билим берүү министрлигинин окуу программа, стандарттарынан тышкары бул жерде окуучулар кыргыз, англис тилдерин жана математика сабагын тереңдеп окушат. Күндүн экинчи жарымында кошумча академиялык англис тили жана коллеждин деңгээлиндеги математика сабагы окутулат.

Сабактар орус, кыргыз, англис тилинде өтөт.

Мектепке окууну каалагандардын тизмеси түзүлүүдө (Маалымат алуу телефону 0552 442603).

Ар бир аптанын ишемби күнү саат күндүзгү ондон бирге чейин англис тилинде окугандар тесттен өтүп, окуу жайдын кампусу менен таанышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG