Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду


Түндүк Корея жетекчиси аскерлердин аракетине дүрбү салып байкап турат.

Түндүк Корея жетекчиси аскерлердин аракетине дүрбү салып байкап турат.

Түндүк Корея 18-мартта баллистикалык ракета учурганын Түштүк Корея менен АКШнын аскерий өкүлдөрү кабарлады. Бул Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өз армиясына АКШга жеткидей алыс аралыкка уча алчу ядролук ракета сыноо боюнча буйрук бергенден бир канча күндөн кийин жасалып отурат.

Түштүк Корея кол башчыларынын бириккен штабы тараткан маалыматка караганда, Пхеньяндын түндүк тарабынан учурулган ракета 800 чакырымдай аралыкка чейин барып, Түндүк Кореянын чыгыш жагында кулаган.

Бул сыноо өлкөнүн ядролук жана баллистикалык ишмердигине тыюу салган БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир канча резолюцияларына каршы келет.

Пхеньяндын ракета сыноосу Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жаткан учурга туш келди. Түндүк Корея мындай машыгууну өзүнө кол салууга даярдык катары санайт. Өлкө бир ай мурда да алыс аралыкка уча турган баллистикалык ракета менен суутек бомбасын сынаганын жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG