19-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, үшүк жүрөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0...-2, күндүз +6...+11
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -0...-2, күндүз +4...+9
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13
Баткенде түнкүсүн -0...-2, күндүз +6...+11
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7
Бишкекте 19-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -0...-1 градус, күндүз +6...+8 градус болот.