Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Ооган полициясы башкы чалгынчыны кол салуудан сактап калды


Ооган коопсуздук күчтөрү бүгүн Кабулда өлкөнүн чалгын кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Масуд Андрабиге кол салуунун алдын алышканын билдирди. "Азаттыктын" ооган кызматынын кабарлашынча, кол салууга камынган адам анын үйүнө кирүүгө аракет жасап жатканда коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн.

Күбөлөр Масуд Андрабинин үйү жайгашкан тараптан атылган октун үнү угулуп, ал көчө полициянын курчоосуна алынганын айтышты.

Бул окуя Кабулдун борбордук бөлүгүндөгү өкмөттүк мекемелер, министрликтер жана чет элдик элчиликтер жайгашып, катуу кайтарылган райондо болду. Азырынча кол салуу аракети боюнча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Масуд Андраби Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын чалгын кызматынын башчысынын милдетин аткарууга былтыр декабрда дайындалган.

XS
SM
MD
LG