Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

ЕБ менен Түркия качкындар боюнча келишимге жетишти


Евробиримдик лидерлери Брюсселдеги саммитте Европадагы миграция кризисин чечүү боюнча Түркия менен келишимге жетишкенин Финляндия премьер-министри Юха Сипила Твиттерге жазганына таянуу менен эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.

Мунун алдында Германия канцлери Ангела Меркел Түркия менен сүйлөшүү "оңой болбостугун" айтса, Франция президенти Франсуа Олланд келишимге жетүүгө кепилдик жоктугун билдирген эле. Түркиянын жогорку даражалуу өкүлү Reuters агенттигине Анкара Евробиримдикти Кипрдин ыктымал ветосуна карабай Түркиянын уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүнүн жаңы баскычын баштоого көндүрүү ниетинде экенин билдирди.

Бүгүнкү саммиттин соңунда Чехиянын премьер-министри Богуслав Соботка Твиттерге мындай билдирүү калтырган: "Түркия менен келишим болду. Эми Түркия аркылуу Грецияга кирген мыйзамсыз мигранттардын баары артка кайтарылат"

Бул келишимге эми Брюсселдеги саммитке катышып жаткан Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу кол коюшу керек.

ЕБнын 28 өлкөсү менен Түркиянын качкындар маселесиндеги биргелешкен аракети Анкарага финансылык колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Анкара буга жооп катары Түркия аркылуу Грецияга жол тарткан качкындар агымын тосушу шарт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG