Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Бишкекте диниятчылар менен жаштар арасында акыл таймашы өтүүдө


Бүгүн, 19-мартта Бишкекте Жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search for Common Ground) бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган "Ислам жана тынчтык" интеллектуалдык оюну өтүп жатат. Оюнга өлкөнүн жети дубанынан келген жаштар, аялдар, имам-молдолор жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Долбоордун жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун айтымында, иш-чара мамлекет менен дин ортосундагы мамилени жакшыртуу жана диний экстремизмди жоюу максатын көздөп, тынчтыкты орнотууда бирге иш алып барганга өбөлгө түзөт.

Мындай оюндар буга чейин жети облуста өткөн. Бүгүнкү оюн жыйынтыктоочу болуп саналат. Акыл таймашы интерактивдүү формада өтүп, катышуучуларга Кыргызстандын мыйзамдары, дин жана логика боюнча суроолор берилет.

XS
SM
MD
LG