Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Ростов-на-Донуда кырсыкка кабылган Flydubai компаниясынын учагында Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова болгон.

LifeNews, андан кийин Орусиянын ӨКМи экипаж мүчөлөрүнүн атын жарыялады.

Аталган басылманын маалыматында, учактын капитаны, Кипрдин жараны Аристос Сократус, Кыргызстандын жараны Жылдыз Насирдинова, Сейшель аралынан Йорам Алекс Доминик Конфе, Орусиянын жараны Максим Айдрюс, Колумбиянын жараны Лаура Патриция, Испаниянын жарандары Хавьер Каро, Круз Алехандро Алава болгон.

Буга чейин 55 адамдын ичинен 50 адамдын аты-жөнү белгилүү болгон эле. Алардын арасында Орусиянын, Украинанын, Өзбекстандын жарандары бары айтылган.

Бүгүн саат 3:50дө Ростов-на-Донунун аэропортунда Дубайдан учуп келген “Боинг-737-800” учагы кыйраган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG