Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Дүйшөмбиев: өзбек чек арачыларынын аракети Ноорузга байланыштуу эмес


Мындай пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев “Азаттыкка” билдирди.

"Нооруз майрамы мурдатан эле майрамдалып келген. Чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга негиз жок болчу. Өзбек чек арачылары эмнеге мындай аракетке барды түшүнүксүз болуп жатат", - деди чек ара башчысы.

Дүйшөмбиев кошумчалагандай, учурда чек арадагы кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Такталбаган аймактын эки тарабына тең блок-посттор коюлуп, эки өлкөнүн экиден БТРи, 40тай аскери турат.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. Өзбекстандын коопсуздук кызматы кечээ бул аракетин Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө иши менен байланыштырганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG