Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында кыйраган Boeing 737-800 жүргүнчү учагынын “кара кутусу” табылды. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдарга Орусиянын Транспорт министрлигинин өкүлү Жанна Терехова билдирди. Маалыматка ылайык, үн жаздыруучу тетиктин бирөө табылып, экинчиси изделүүдө.

Орусиянын тергөө комитети учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка аба ырайынын катаалдыгы жана учкучтардын катачылыгы себеп болушу мүмкүн.

FlyDubai авиакомпаниясына таандык учак Дубайдан учуп келаткан. Кырсыктан 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болду. Алардын арасында кыргыз жараны Жылдыз Насирдинова да болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG