Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

20-мартта үшүк жүрөт


Баткен
Баткен

20-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...2 градуска жеткен үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүлдөгөн данектүү мөмө бактарга коркунуч алып келет.

20-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -0...-2, күндүз 8...13

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -0...-1, күндүз 8...13

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14

Баткенде түнкүсүн -0...-2, күндүз 7...12

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8

20-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт, абанын күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG