Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Өкмөт авиакырсыктан каза болгон Жылдыз Насирдинованын жакындарына көңүл айтты


Маркум Жылдыз Насирдинова
Маркум Жылдыз Насирдинова

Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев Ростов-на-Донуда учак кырсыгынан каза болгон Жылдыз Насирдинованын жакындарына көңүл айтып, сөөктү алып келүүгө өкмөт жардам берерин билдирди. Учурда маркумдун эки бир тууганы Орусияга жөнөп кетишти.

28 жаштагы Жылдыз бүгүн таңда Орусиянын Ростов-на-Дону аэропортунда кыйраган учакта стюардесса болуп иштечү. Жакындарынын айтымында, ал беш жылдан бери Дубайда жашап, FlyDubai авиакомпаниясында администратор болуп иштечү. Борт коштоочу кызматына которулганына үч ай болгон.

Беш бир туугандын кичүүсү Жылдыз Насирдинова Нарын шаарында 1988-жылы төрөлгөн. Атасы 2012-жылы оорудан каза болгон, апасы облустук ооруканада терапевт болуп иштейт. Маркум БГУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG