Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Москвадагы бюрого жасалган басымды айыптайт


18-март, жума күнү кечинде Москвадагы кеңсеге өздөрүн Орусиянын НТВ каналынын журналисттерибиз деп тааныштырган эки эркек “Эркин Европа/Азаттык радиосу” (ЭЕ\АР) менен “мурда кызматташкандардын” кеңеши менен маалымат издеп келишкенин айтып, бюро башчыны суракка алышкан.

Бири видео камера кармаган эки киши андан айлык маянасы тууралуу сурап жана Москванын айланасында үй-мүлкү туурасында сурамжылап, ЭЕ/АР радиосунун каражатын жеке максатына пайдаланып жатканын айтып айыпташкан.

ЭЕ/АР радиосунун башкы редактору Ненад Пейж бул окуяны “коркутуунун ыплас мисалы” катары баалап, “орус бийликтери биздин журналисттик ишибиз жана ийгиликтерибиз үчүн бизге каршы иш даярдап жатышкандай” деген пикирин айтты.

“Газпром Медиа” ээлик кылган НТВ каналы Орусиядагы көз карандысыз, оппозициялык журналисттерге жана жарандык коомго каршы жалган жалаага негизделген маалымат таратканы менен белгилүү.

Буга чейин өткөн аптада Кремлдин пропагандачысы Дмитрий Киселев телепрограммасында ЭЕ/АР радиосунун журналисттерин Орусияга каршы тыңчылар деп сүрөттөгөн. Киселев өз берүүсүндө АКШнын эл аралык берүүлөрү боюнча даректүү тасма жакында чыгат деп жарыялаган.

Радио Свобода деп таанылган ЭЕ/АР радиосунун орус кызматы Москвадагы бюросунан сырткары эл аралык радионун Прагадагы баш кеңсесинде иш жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG