Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Дүйшөмбиев: кыргыз-өзбек чегинде кырдаал туруктуу


Аксы району
Аксы району

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал өзгөрүүсүз, бирок туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, такталбаган Чала-Сарт чек ара тилкесинде эки өлкөнүн экиден БТРи жана 60 чакты аскери турат.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек.

Өзбекстандын коопсуздук кызматы кечээ бул аракетин Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө иши менен байланыштырганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG