Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Бийлик чек арага кошумча күч жөнөткөнү айтылууда


200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн бүгүн таңда жөнөтүлгөн.
200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн бүгүн таңда жөнөтүлгөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскердик күч жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, 200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн бүгүн таңда жөнөтүлгөн.

Бул маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев тастыктаган жок. Анын айтымында, такталбаган Чала-Сарт чек ара тилкесинде эки өлкөнүн экиден БТРи жана 60 чакты аскери турат. Чек ара кызматынын аскерлеринен тышкары кошумча күчтөр тартылган эмес.

18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. Өзбекстандын коопсуздук кызматы бул аракетин Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө иши менен байланыштырганын айрым маалымат каражаттары жазышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG