Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Барак Обама Кубага тарыхый сапарын баштайт


Обаманын сапарын утурлай Гавананын борборунда илинген сүрөт. 17-март, 2016-жыл.

Обаманын сапарын утурлай Гавананын борборунда илинген сүрөт. 17-март, 2016-жыл.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Кубага болгон тарыхий сапарын баштайт. Иш сапар эки күнгө уланат. АКШ президенттери 1928-жылдан бери бир да жолу Кубага бара элек болчу.

Обама Куба лидери Раул Кастро менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт. Ал ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү менен жолугуп, жергиликтүү телеканалдын түз эфиринде сөз сүйлөйт. Ак үйдөн билдиришкендей, президенттин сапары АКШнын эмбаргосунан жапа чеккен Куба элинин жашоосун оңдоону көздөйт.

2014-жылдын декабрында АКШ менен Куба 1961-жылы үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди оңдоо боюнча макулдашкан. Өткөн жылы эки өлкө элчиликтерин ачышканы менен экономикалык жана гуманитардык кызматташуу калыбына келе элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG