Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Йемендеги кагылышуудан 55 киши мерт болду


Йемендеги үчүнчү шаар Таизди талашкан козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан кеминде 55 киши мерт болду. Анын кеминде отузу жоочулар, калганы карапайым жарандар экени айтылууда.

Кагылышуу БУУнун Йемен боюнча атайын чабарманы Исмаил Улд Шейх Ахмед сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өлкөгө келген маалда болду. Ал кагылышууга карабай чатакты жөнгө салуу боюнча кезектеги сүйлөшүү марттын аягында болоруна үмүт артарын билдирди.

Ирандын колдоосундагы козголоңчу “Ансар Аллах” (хуситтер) кыймылы азыр өлкөнүн борбору Сана шаарына көзөмөл кылат. Алар 2015-жылдын январында борбор калааны басып алыган соң, азыркы президент Абд Раббо Мансур Хади алгач Аден шаарына чегинүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Аденге чабуул жасалганда Сауд Арабиясына чыга качкан.

Йемендеги ички жаңжал 2014-жылдын августунан бери токтобой келет.

XS
SM
MD
LG