Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Кыргыз балбандары Олимп оюндарына төрт жолдомо алышты


Жанарбек Кенжеев Астанада жеңишке жетишти.

Жанарбек Кенжеев Астанада жеңишке жетишти.

Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык балбандар эки алтын, эки күмүш, төрт коло байгеге ээ болушту. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдештер 18-марттан 20-мартка чейин өтүп Олимп оюндарына 36 жолдомо грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн ойнотулду.

Грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов күмүш, эркин күрөштөн эркектер арасында Магомед Мусаев жана кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынып, Олимп оюндарына жолдомо алышты. Бул турнирде финалда күрөшкөндөргө олимпиадага лицензия берилди. Эркин күрөштөн Ильгиз Жакыпбеков, Самат Надырбек уулу, Айаал Лазарев жана грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло байгеге ээ болушту.

Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде быйыл Рио-де-Жанейродо боло турган жайкы Олимп оюндарына сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Юлия Архипова, Мария Карабицкая жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев олимпиадага лицензия алышкан. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG