Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев "Азаттыкка" билдиргендей, өзбек тарап менен аскерлерди алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Талаштуу аймакка эмне себептен аскердик техника менен жоокерлерин койгонун коңшу өлкө түшүндүргөн жок. Кыргызстан муну эки мамлекеттин ортосундагы келишимди бузуу катары баалоодо.

"Өзбекстандын бул аймакка аскердик техника киргизүүгө укугу жок болчу", - деди Дүйшөмбиев.

Анын айтуусунда, коопсуздукту камсыздоого чек ара кызматынын аскерлери жетиштүү. Ошол эле маалда башка күч органдары да көмөктөшүүдө. Кечээ Аксыга кошумча күчтөр тартылып, Бишкектен аскерлер жиберилгени маалымдалган.

18-мартта Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын чек арачылары кирип келишип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Буга жооп иретинде Кыргызстан да техника жана аскерин киргизди. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкенге наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп келе элек. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG