Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкек: коопсуздукту 3 миңге чукул милиция көзөмөлдөйт


Нооруз майрамы.
Нооруз майрамы.

Нооруз майрамына карата башкалаадагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2850 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, Ала-Тоо аянтында саат 10до баштала турган майрамдык иш-чараларда түнкү саат 12ге чейин коопсуздукка эки миң, “Ак-Кула” ипподромундагы улуттук ат оюндары учурунда тартипке 850 милиция кызматкери көз салмакчы.

Ала-Тоо аянтына арак ичимдиктерин, тыюу салынган буюмдарды, пиротехниканы алып кирүүгө болбойт. Аянттын тегерек-четинде да спирт ичимдиктерди сатууга чек коюлду. Шаардык милиция бүгүн саат 9дан тартып Чүй көчөсүнүн Эркиндик жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жана Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Панфиловго чейинки бөлүгү жабыла турганын эскертти. (NT)

XS
SM
MD
LG