Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө


Ош шаары, 21-март, 2016
Ош шаары, 21-март, 2016

Ушу тапта жер-жерлерде бүгүнкү Нооруз майрамына карата уюштурулган түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды борбор калаанын мэри Албек Ибраимов куттуктап, азыр ал жерде концерт өтүүдө.

Ош шаарында да мэр Айтмамамт Кадырбаевдин куттуктоосу айтылып, оюн-зоок менен коштолгон концерттик программа тартууланууда.

Нооруздун урматына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоп, быйылкы Нооруз майрамы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө экенин айтты жана бул кыска аралыкта кыргызстандыктар кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөргөнүн баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG