Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Майып баласын багып үйдө отурган ата-энеге айлык төлөө сунушталууда


Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги майып баласын багып үйдө отурган ата-энелерге айлык маяна төлөп турууну сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Учурда атайын адистер бул жаатта иштеп, майып баланы багууну эмгек деген категорияга теңөө боюнча аракет көрүүдө. Ошону менен катар алардын эмгек стажы жүрүп, кийин пенсия алуу укугун берүү жагы каралып жатат.

Расмий каттоодо 30 миңге жакын майып бала бар. Бирок, укук коргоочулардын айтымында, чынында бул сан бир нече эсе көп. (RK)

XS
SM
MD
LG