Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Аксыдагы аскерлерге элден жардам жеткирилүүдө


Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан окуяга байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан кыргызстандык аскерлерге элден жардам жеткирилүүдө. Маселен, Бишкек шаарынын тургуну, Аксы районунда туулган Самарбек Өмүрзаковдун бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй жана Ош облустарынан ыктыярчылар акча чогултуп, азык-түлүк сатып алып, Аксыга алып баратышат. Ошондой эле алар кыргыз аскерлерине активисттер сатып алган 4-5 койду да тапшырып бергени жатат.

Өмүрзаковдун айтымында, ошо четтеги айылдын тургундары да тамак-аш жасап, чек араны кайтарып турган аскерлерге жеткирип берүүдө.

18-мартта Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын чек арачылары кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон.

Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG