Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

ЕККУ: Казакстандын шайлоосу демократиялык стандарттарга жооп берген жок


Президент Нурсултан Назарбаев добуш берүүдө. Астана, 20-март, 2016-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев добуш берүүдө. Астана, 20-март, 2016-жыл.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Мариетта Тидей бүгүн Астанадагы басма сөз жыйында билдиргендей, Казакстан шайлоо боюнча өз милдеттемелерин аткаруусу үчүн али узак жолду басып өтүшү керек.

ЕККУ байкоочуларынын бүтүмүнө караганда, Казакстандын кечээги парламенттик шайлоосу демократиялык стандарттарга жооп берген жок.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандай, президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы 20-марттагы мөөнөтсүз шайлоону 82,15% менен жеңди. Андан башка 7%дык босогодон буга чейин парламентте болгон бийликчил эки партия да өттү.

Казакстандын көз карандысыздык алган 1991-жылдан берки бир дагы шайлоосун батыштык байкоочулар эркин жана адилет деп баалаган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG