Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Орусия тарап билдиргендей, АКШ өкүлдөрү менен чукул жыйын Сирияда ок атышууну токтотууну сактоо механизмин макулдашуу үчүн зарыл.

"Ок атышууну токтотуу режими бузулушуна каршы жасалчу мурда макулдашылган эрежелерди мындан ары сактап туруу мүмкүн болбой калды. Чагымчыл аракеттерден жана ок атуулардан күн сайын жай тургундардын өмүрү кыйылууда”,- деп айтылат Орусия аскерлеринин Башкы штабынын бүгүнкү билдирүүсүндө.

Билдирүүдө ошондой эле эгер оң жооп алынбаса, Орусия 22-марттан тарта бир тараптуу аракетке өтөрү көргөзүлгөн.

Вашингтон менен Москва макулдашкан планга ылайык, Сирияда каршылашкан тараптардын ок атышууну токтотуу жараяны 27-февралдын түнүнөн тарта күчүнө кирген.

Бул өз кезегинде кырдаалдын жумшарышына кыйла жардам берди. Бирок, ок атышууну токтотуу режими “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана башка террордук уюмдарга жайылтылбайт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG