Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

Тышкы иштер министри элчилер менен Борбор Азиядагы абалды талкуулады


Ала-Бука - Кербен жолундагы Өзбекстандын аскер техникасы.

Ала-Бука - Кербен жолундагы Өзбекстандын аскер техникасы.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстандын элчилери менен жолугуп, Борбор Азия аймагында түзүлүп жаткан соңку кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Беш өлкөнүн дипломаттары Жамааттык коопсуздук келишим уюму менен Шанхай кызматташтык уюмунун мамиле-катнаштарына байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

​18-марттан бери Аксы районуна жакын жердеги кыргыз-өзбек чек арасынын такталып бүтө элек тилкесинде өзбек аскерлери техникасы менен турат. Кыргыз тарап бул мыйзамсыз кадам экенин айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG