Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

АКШ жана Куба президенттери жолугууда


Барак Обама жана Рауль Кастро. Гавана, 21-март, 2016-жыл.
Барак Обама жана Рауль Кастро. Гавана, 21-март, 2016-жыл.

Барак Обама менен Рауль Кастронун сүйлөшүүлөрү Гаванада өтүп жатат.

Обаманын Кубадагы тарыхый сапары кечээ башталган. Кошмо Штаттардын кызматтагы президенти Кубага акыркы сексен сегиз жылда алгачкы ирет келди.

Обама Кубада 22-мартка чейин созулуучу сапары учурунда президент Рауль Кастро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн тышкары кубалык диссидент, активисттердин тобу менен жолугат жана Кубанын элине атайы кайрылуу менен да чыгып сүйлөмөкчү.

АКШ президентинин сапары башталардын жуп алдында диссиденттердин Гаванадагы нааразылыгы күч менен таратылып, 50дөй демонстрант кармалды.

Вашингтон менен Гавана жарым кылым ашуун мурда токтоп калган алака-катышты нормалдаштыруу боюнча жараянды мындан 15 ай мурда башташкан.

Андан бери дипломатиялык мамиле калыбына келтирилди, телекоммуникация, авиакаттамдар, акча которуулар боюнча макулдашуулар жетишилди.

Бирок АКШ Конгресси Кубага киргизген экономикалык эмбарго али күчүндө.

АКШ менен Кубанын мамилеси 1959-жылы Гаванадагы бийликти Фидель Кастро ыңкылап аркылуу алгандан кийин бузулган. (UE)

XS
SM
MD
LG