Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Франция: мусулмандарга каршы чабуулдар күчөдү


Франциянын өкмөт башчысы Мануэл Вальс.
Франциянын өкмөт башчысы Мануэл Вальс.

Франциянын мусулман жамаатынын лидерлери дүйшөмбүдө Парижде курган жыйында жаштардын радикалдашуусунун алдын алуу чараларын талкуулашты.

Өлкөнүн премьер-министри Мануэл Вальстын айтымында, акыркы айларда өлкөдө исламофобия өсүп жатат. Жыйын Париж кол салууларынын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Салах Абдесламдын Бельгияда кармалышынан көп узабай уюштурулду.

Былтыр ноябрда 130 кишинин өмүрүн кыйган теракттардан кийин “Ислам менен диалог күнү” ушуну менен экинчи жолу өткөрүлдү. Коопсуздук органдары жана эксперттер жихадчылардын катарын толуктаган жаштардын бир бөлүгү түрмөлөрдө отурган жеринен экстремисттердин идеологиясына сугарыларын белгилешет. Андан тышкары интернет жана айрым мечиттер радикалдашуунун булагы катары айтылып келет. 21-мартта уюштурулган жыйында ушул өңдүү маселелер сөз болду.

Иш-чарага катышкан премьер-министр Мануэл Вальс муну менен бирге акыркы айларда өлкөдө исламофобия өсүп жатканын баса белгиледи:

Франция
Франция

- Жыл башынан бери мусулмандарга каршы аракеттер үч эсеге көбөйдү. Бул абдан терс көрүнүш. Расисттик, антимусулмандык, антисемиттик аракеттер, христиандардын сыйынуу жайларына, көрүстөндөрүнө да чабуулдардын саны өстү. Мунун бардыгы француз коомундагы кооптуу жагдайлардан кабар берет. Өкмөттүн маалымат бөлүмү элдин бул жааттагы аң-сезимин көтөрүү максатында атайын кампания баштоодо, - деп билдирди премьер-министр Вальс.

Анын ырасташынча, бүтүндөй дүйнөгө Францияда толеранттуу, универсалдуу, жалпы баалуулуктарды, аялдар менен эркектер ортосундагы теңдик принциптерин урматтаган ислам боло алат деп ишара кылуу зарыл.

Өлкөдө мусулмандардын саны 5 миллион кишиге жакын, бул жалпы калктын 8% түзөт, бул Европадагы эң ири мусулман жамааты.

Франциядагы Мусулмандар кеңешинин төрагасы Ануар Кбибех жыйынды ачып жатып, "мусулман коомчулугу радикалдашууга каршы күрөшкө даяр турат" деп белгиледи.

Жыйын Париж кол салууларынын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Салах Абдесламдын Бельгияда кармалышынан көп узабай өткөрүлдү. Кошуна өлкөнүн коопсуздук күчтөрү аны жума күнү Брюсселдин жака белиндеги Мөленбек конушунда колго түшүрүшкөн.

- Чоң шаарлардын четиндеги конуштарда тигил же бул деңгээлде радикалдашууга азгырылган миңдеген жаштар бар. Франция менен Бельгия эки бөлөк өлкө болгону менен, Меленбектеги окуяларды, ал жактан тартылган сүрөттөрдү карасаңар, биздин конуштарды эске салат.

Ал тапта Бельгиянын прокуратурасы Салах Абдесламдын шериги, буга чейин аныкталбаган адамдын тек-жайы белгилүү болгонун билдирди. Жаңы шектүү киши Наджим Лаашрауи 24 жашта. Анын ДНКсы жихадчылар жашырынып келген батирлерде табылган. Прокуратурадан маалымдашкандай, жасалма документтер менен жүргөн Лаашрауи 2013-жылы Сирияда болгон. Полициянын маалыматы боюнча, француз баш калаасындагы калабаны уюштургандардын экөө тирүү калган.

Салах Абдеслам сурак учурунда Бельгияда да теракт пландаганын айтып берди.

Анын адвокаты "Абдеслам баалуу маалымат менен бөлүшүшү ыктымал, бирок Париж шаарынын прокурору Франсуа Молен өз билдирүүлөрү менен аны чочутуп алышы мүмкүн" деп эскертти. Прокурор Абдеслам ал каргашалуу күнү Париж стадионунда өзүн жардырмакчы болуп, бирок акыркы мүнөттө баш тарткан деп билдирген. Адвокат муну менен тергөөдөгү купуя маалымат ачыкка чыгып кеткенин айтып, прокурордун үстүнөн арызданды. Ал ошондой эле Абдесламдын Францияга экстрадицияланышына каршы турарын айткан. Шаршембиде Брюссель сотунда аны камакка алуу мөнөтү узартылмакчы. Экстрадиция тууралуу кайрылуу болсо 15 күндөн кийин гана каралат.

Парижде болгон жардырууларды "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG